Sputnik агенттигине токойлорду сактоо, экологияны жакшыртуу темасында баарлашуу үчүн "Фауна жана флора интернешнл" жаратылышты коргоо компаниясынын башчысы, эколог-биолог Ормон Султангазиевди чакырдык.
"Фауна жана флора интернешнл" жаратылышты коргоо компаниясынын башчысы, эколог-биолог Ормон Султангазиев
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Учурда экология, суу, Борбор Азияда мөңгү маселеси да абдан орчундуу болуп турат. Кыргызстандагы токой санын көбөйтүү максатында көрүлүп жаткан аракеттер жана экологдордун иштери тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?
— Токойдон адам отун-суусун алып, тамак-ашын камдайт. Башкача айтканда, бак-дарактар жашоого шарт түзүп берет. Президенттин демилгеси менен "Жашыл мурас" программасы ишке киргизилип, республикада токойлордун санын өстүрүүгө аракеттер журүп жатат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жана 1990-жылдардагы оор туршмушта көп бак-дарактар кыйылып кеткен. 1960-жылдары алардын ордун толтуруу максатында көп бак тигилип, азыр ошонун үзүрүн көрүп жатабыз. Бак отургузуу — узак процесс. Анын пайдасын келечек көрө тургандыктан биз да урпактарга калтырып кетишибиз керек. Согушка чейин Кыргызстандын алты пайызын токой ээлеген. 2030-жылга чейин ошол көрсөткүчкө жеткиребиз деген стратегиялык программалар бар. Азыр беш пайыздан өтүп калды. Алты пайыздан да көбөйтүп, класстерлерге бөлүү керек.
— Адистер тоо токойлорунун азайышында эле эмес, сапатында да маселе бар экенин айтып жатышат...
— Албетте, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү да токойлордун сапатына таасирин тийгизүүдө. Сары-Челектеги карагай токойлор куурап баратат. Климат ысыганда короед деп аталган коңуз сымал жаныбар көбөйүп зыянын тийгизүүдө. Негизи табигый тоо токою кеч өсөт. Зыянкечтер менен кошо өрт да акыркы кезде көп болууда. Биз да ошого ылайыкташып бак-дарактарды отургузушубуз керек. 2030-2100-жылдары аба ырайы кандай өзгөрөрүн изилдеп, ага карата ысыкка чыдамдуу арча, бадам, мисте өңдүү бактарды тигүү зарыл. Азыркы бак-дарактар бара-бара жоголушу мүмкүн.
— Кыргызстанда уникалдуу Арстанбап токою бар. 700 миңге жакын гектар аянтты ээлеген бул жаңгак токоюнда да экологиялык маселелердин чети көрүнүп баштаган экен?
— Ооба, бул уникалдуу жаңгак токоюнун аянты 630 миң гектар экенин адистер эсептеп чыгышты. Бирок анын баары эле токой эмес, ортосунда аска-таштар да бар. Арстанбап, Көк-Арт жана Сары-Челек аймагында үч массивде өсөт. Бул жерде 100 миңден ашык адам жашап, токойлордун пайдасын көрүшөт. 2000-жылдан бери швецариялык долбоордун негизинде токой жаматтык башкарууга (элге ижарага — ред.) берилген. Тургундар бир-эки гектардан алып, карап, коруп, чөбүн оруп алып, мөмөсүн сатып пайдаланышат. Бул жердин мааниси абдан чоң жана 130дан ашык бак-дарактардын түрү өсөт. Бирок бул токойду да аздектеп карап, сактоону билбей жатабыз.
— Жаңгак токоюн Кыргызстандын ар бир аймагында өстүрүүгө болобу?
— Ооба, негизинен буга нымдуулук керек. Табигый түрдө Фергана, Чаткал тоо кыркаларында өсөт. Бул жерлерде 1000 миллиметрге чейин жаан-чачын түшөт. Ал эми Баткенде 100 миллиметрге чейин эле жетет. Эгер өстүрүүнү кааласак, шарттарды түзүп суу алып келүү керек. Жаңгак терең жайгашып, кара топуракты жакшы көрөт. Ал өсүп алгандан кийин өзүнө-өзү шарт түзүп, топурактын курамын жакшыртуучу касиетке ээ. Жанындагы дарактардын да өсүшүнө пайдасы тиет. Өстүрүүнү каалагандар ушул жагын эске алуу керек. Экономикалык жактан да пайдалуу. Анткени жыгачы баалуу, мөмөсү мол.
— Жан багуудан башка да экологиялык сабаттуулук маселеси бар эмеспи. Бул жагынан эл менен кандай иштешип жатасыздар?
— Ооба, биз жергиликтүү элге чакан гранттарды берип жаңгак токоюн жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Көбүн эсе мектеп окуучуларына көп көңүл бурабыз. Анткени алар келечек. Жергиликтүү эл менен да жолугушууларды өткөрүп, сабактарды өтөбүз. Арстанбапта мисте, бадам өңдүү башка да өсүмдүктөр өсөт. Токойдон кандайдыр бир жерди бөлүп алып жооптуу болуп карашат. Кийинки жылы түшүмүн алып, жерге кам көрүп деградацияга учуратпоого милдеттенет. Акырында бир жылдык ишин жыйынтыктоо сабагын өтөбүз. Ушундан кийин эл да токойду сактоону, анын пайдасын көрүүнү үйрөнүп калышат. Арстанбап жаңгак токоюнда кызыл китепке кирген кызыл жалбырактуу алма да бар. Кыргызстанда анын 150дөй эле түбү бар. Бул дүйнөдө жоголуп кетүү алдында турган жемишке кирет. Ошондой эле дүйнөлүк кызыл китепке "аярлуу", "жоголуу коркунучунда" деген статус менен катталган мөмө бактары да бар. Жакында эле эки гектарга чейинки токойду корукка алып токой чарбасына өткөрүп бердик. Бул дарактарды сактап калуу үчүн анын маанисин түшүндүрүп, уругунан өндүрүп элге таратып беребиз. Негизинен жаңгак токоюндагы табигый өскөн дарактар генетикасына, шартына жараша көбөйөт. Кыргызстанда 40 миң гектар жаңгак токою бар дешет. Бирок булар да жаш курагы боюнча бөлүнөт. Анын 16 пайызы жаш, 18и орточо куракта, жети пайызы картаюуга жеткен. Белгилей кетүүчү нерсе, жарымынан оой, тагыраагы, 58 пайызы картайып калган. Булардын жашы 200 жылга жакындап калды. Негизи жакшы шартта жаңгак 300 жыл жашайт. Табигый өсүмдүктөр улам жок болуп жаткандыктан "келечекте булардын ордуна эмне өсөт?" деген суроо туулат. Жакшы шартта өскөн бир гектар жаңгактан 300дөн 500 килограммга чейин мөмө алса болот.
— Кыргызстандагы бак-дарактардын 58 пайызы картайып калганын айтып жатасыз. Мамлекет тарабынан алардын ордун толуктоо жаатында атайын программа барбы? Анткени мунун мааниси абдан жогору эмеспи...
— Ооба, токой чарбасынын жыл сайын дарак тигүү боюнча планы болот. Алар атайын чогултулган уруктан питомниктерге көчөт өстүрүп, пландын негизинде жылына аянттарга бак-дарактарды тигишет. Малдын санынын көптүгү да тигилген көчөттөрдүн жашап кетишине күмөн жаратат. Анткени мал жайып жиберип тигилген бак-дарак, жаңгак, мөмө бактарын тебелеп, талкалап кетип жатат. Ошол себептен коруу керек. Кийин бак-дарактар чоңойгондо корукту алып койсо болот, бирок ага көп каражат кетет. Буга чейин 20 гектарга чейинки аянтты коруганбыз. Ал жерге табигый жаңгак, долоно, алча жемиш дарактарын тиктик. Ошондой эле табигый жаңгактардын жакшы сортторун тандап, колго өстүрүп, атайын урук алынып сорттору да даярдалат.
— Агрардык маселелерде да көп көйгөйлөрдү көрүп келебиз. Бизде токойлорду изилдеген жаш кадрлар барбы? Анткени бул тармакты изилдеп, келечекти да көрө билгенге жакшы мүмкүнчүлүктөр да ачылмак...
— Кудайга шүгүр, бар. Негизи бул тармакта илимдин да пайдасы зор. Эл аралык илимпоздор менен кооперация, коллаборация да болот. Батыштын илимпоздору болбогондо көп жагынан илимий ачылыштар болмок эмес. Мисалы, Арстанбаптагы жаңгак токоюн алсак, 2000-жылдары швецариялык долбоордун алкагында абдан изилдешкен. Андан кийин да жаштарын, канча түшүм берерин жана пайдаланган элдин санын иликтөө менен анын табигый же кол менен өстүрүлгөнү да каралган. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, бул токойлор биздин заманга чейин 6300 жыл мурда, кандайдыр бир жол менен келип, ошондон баштап тарай баштаган. Себеби көлчүктөргө жаңгактын чаңчалары түшүп, андан улам өсүп-өнүп турган. Изилдей келгенде көлчүктөрдөн алгач арча жана башка дарактардын чаңчалары табылып, ал эми жаңгак чаңчалары биздин заманга чейинки 6300 жылдан кийин гана пайда болгону аныкталган. Ал Улуу жибек жолу аркылуу Пакистан жактан алып келинген деген божомол бар. Жаш илимпоздорубуз Корея, Россия, Германиядан окуп келип жатат. Анткени тажрыйба алмашуу болушу керек. Алардын токойлорун да изилдеп көрүшөт. Биздеги болгон илимий ачылыштарды, токойлордун абалын дүйнөлүк илим чөйрөсүнө жеткирүү зарыл. Мунун аркасынан өлкөгө гранттар, долбоорлор келет. Бул да инвестиция.