Калипа Таштанова эл аралык кинофестивалда "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгын алды

II эл аралык Korkut Ata Turkish World Film кинофестивалы Түркияда өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык актриса Калипа Таштанова "Коркут Ата" эл аралык кинофестивалында "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кинематография өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалым болгондой, II эл аралык Korkut Ata Turkish World Film кинофестивалы Түркияда өтүп, эл аралык сынакка режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" кинокартинасы менен Асел Жураева тарткан "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмасы катышкан. Ошондой эле Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы иш-чаранын ачылышында көрсөтүлгөн.
"Үй сатылат" киносунда башкы ролду ойногон актриса Калипа Таштановага калыстар тобу "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгын тапшырды", — деп жазылат маалыматта.
Толук метраждуу фильм жаш жубайлар тууралуу. Алар экинчи баласын күтүп жатканда жашоосу таптакыр башка нукка бурулат да, фильмдеги окуя дал ушундан тарта өнүгө баштайт.
"Акыркы көч" эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды