Кайсы татымалдар ден соолукка зыян алып келери айтылды

Канчалык даамдуу болсо дагы айрым соустар организмге терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Майонездин негизинде жасалган татымалдар адамдын организмине эң зыяндуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Ura.ru менен болгон маегинде диетолог Елена Тихомирова билдирди.
Эксперт майонез өсүмдүк майынан жасалып, ага жумуртканын сарысы жана туз кошуларын белгиледи. Натыйжада соус жогорку калориялуу болуп, денедеги суюктукту кармап сыртка чыгарбай коёт. Тихомирова зыяндуу соустардын катарына сырдан жасалган татымал дагы кирерин кошумчалады.
"Организмге көбүрөөк пайдалуу татымалдар тууралуу айта турган болсом, хрен жана горчицадан жасалгандарын сунуштайм. Булар ачуу болгондуктан капиллярдык кан айланууну, мээнин иштешин жакшыртат. Кан айланган соң, кол менен бут жакшы иштей баштайт", — деди Тихомирова.
Ал эми болбой эле майонез жегиси келген адамдарга адис майлуулугу төмөнүн алууну сунуштайт.
Дарыгер кандай оорусу барлар баклажан жебеши керектигин айтты