ДССУ: 2022-жылы Европада аптап 15 миңдей адамдын өмүрүн алды

Жайында Германияда ысыкка туруштук бере албай өнөкөт ооруларынан 4 500 адам каза тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 2022-жылы Европа аймагында ысыктан улам 15 миңдей адам көз жумду. Бул тууралуу ДССУнун отчётуна таянып "Известия" басылмасы жазды.
Маалым болгондой, жайында Германияда ысыкка туруштук бере албай өнөкөт ооруларынан 4 500 адам көз жумган. Ушундай эле себептен улам Испанияда 4 миңдей, Улуу Британияда 3 200дөй, Португалияда 1 000ден ашык адам өмүр менен кош айтышкан.
ДССУ башка мамлекеттерден маалыматтар келгенде дагы бул сан өсүшү ыктымал экенин белгилеген.
"Францияда ушул жылдын 1-июнунан 22-августуна чейин 2019-жылга салыштырмалуу 11 миңге көп адам каза болгонун айтышты. Алардын каза тапкан себеби так аныктала элек, бирок башкы версия — аптап", — деп жазылат кабарда.
ДССУ климаттын өзгөрүүсү менен натыйжалуу күрөшүү үчүн Европа мамлекеттерин биргелешкен чараларды көрүүгө чакырган.
Быйылкы жылдын июль айында Европада адаттан тыш ысык болуп, Франция, Португалия, Ирландия, Швеция жана Улуу Британияда абанын температурасы болуп көрбөгөндөй жогорулаган.
Кургакчылык жакындап... Чар тараптан тартылган чочуткан, таң калтырган 10 сүрөт