Тарамыш эмнеге түйүлөт жана кандай оорудан кабар берет? Медиктин түшүндүрмөсү

Романенко кээ бир учурда сопсоо туруп эле үшүгөндө же күн өтүп кетсе да адамдын тарамышы түйүлөрүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тарамыш жүрөк-кан тамыр, борбордук нерв системасынын оорусунан жана микроэлементтердин жетишсизидигинен тырышат. Бул тууралуу терапевт Татьяна Романенконун айтканына таянып "Москва 24" порталы жазды.
Тарамыштын түйүлүшү жергиликтүү жана жалпы болуп, экиге бөлүнөт.
"Дененин баары тырышса — бул борбордук нерв системасынын оорусу, башкача айтканда, нерв клеткаларынын жабыркашынан кабар берет", — деди дарыгер.
Ал эми бир булчуң же анын айланасы гана түйүлсө бул жергиликтүү түрү болуп саналып, көбүнчө организмдин тигил же бул жеринде мандем бар экенин билдирет. Зат алмашуу бузулса, инфекция кирип же ууланса (көбүнчө спирт ичимдиктерине байланыштуу), температура көтөрүлсө да адамдын тарамышы түйүлүп кыйнайт. Кээде кант диабети да булчуңдарды тырыштырат.
"Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын, кан басымы төмөндөрдүн, айрым учурда боору же бөйрөгү ооругандардын да тарамышы түйүлөт. Бул көйгөйгө кальцийи аздар, калийи көбөйүп кеткендер, канында магнийи азайгандар да кабылышы мүмкүн", — деди врач.
Романенко кээ бир учурда сопсоо туруп эле үшүгөндө же күн өтүп кетсе да адамдын тарамышы түйүлөрүн эскертти. Андан сырткары, нерв системасын дарылаган айрым дары-дармектер көп ичилип кетсе да булчуң тырышат.
Ден соолукка зыянын тийгизген диеталар кайсылар. Дарыгер санап берди