Статком: беш жыл ичинде өлкөдөгү ЖМКлардын саны 12%га өстү

ЖМКлардын, полиграфия, радио жана телеберүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1924-жылы кыргыз тилиндеги улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи номеринин чыккан күнү белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган субъектилердин саны дээрлик 12 пайызга өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.
7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата комитет өлкөдөгү ЖМКлар жөнүндөгү статистиканы жарыялады.
"2022-жылдын башына карата Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты катары 1,8 миң субъект катталып, бул көрсөткүч акыркы беш жыл аралыгында ЖМКлардын саны 12 пайызга өскөндүгүн билдирди. Көз карандысыз 177 телерадиокомпания ишке киргизилген", — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Анда быйыл кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнө 98 жыл болгону белгиленген.
"ЖМКлардын, полиграфия, радио жана телеберүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1924-жылы кыргыз тилиндеги улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи номеринин чыгышынын урматына белгиленген. Өлкөдө китеп басып чыгаруу иштери да XX кылымдын 20-жылдарында башталган. 2021-жылы 685 миң нуска менен 800 китеп басылып чыккан болсо, анын 54 пайызы кыргыз тилинде", — дешти Улуттук статистикалык комитеттен.
Мындан тышкары, мекеме бул жылдар аралыгында 72 миң нуска менен 29 журнал чыкканын, анын ичинен үчөө кыргыз тилинде экендигин кошумчалады.
ЖМК тууралуу жаңы мыйзам сунушталууда. Анда эмне жазылган?