Нарында апта аягында күн ачылат. Бир жумага аба ырайы

Облус аймагында 10-11-12-ноябрь күндөрү жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттигинин алдыдагы аптага карата божомолунда Нарын облусунун аймагында 7-ноябрда жаан жаабайт. Апта аралыгында аталган облуста күндүзгү температура +1 градустан +10 градуска чейин болот.
8-ноябрда Нарындын тоолуу райондорунда  кар  жаайт. Ал эми 10-11-12-ноябрь күндөрү жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Нарын шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0 градустан -7 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +7...+5 градустан -1 градуска муздайт. Облустун өрөөндөрүндө -11...-13 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Күндүз күн +4...+10 градуска чейин жылыйт.
Үшүк алган адамга алгач кандай жардам көрсөтүү керек? Адистин кеңеши