Ошто тоо этектерине кар жаайт. Бир аптага карата аба ырайы

7-ноябрдан тарта күн сууктап, жамгыр жаап, тоо этектерине кар түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Аймактарда 7-ноябрдан тарта абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаап, тоо этектерине кар түшөт.
Абанын температурасы күндүз +2...+7 градус жылуу, түнкүсүн -2 градуска чейин суук болот. 10-12-ноябрь күндөрү күн ачык болору божомолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ош шаарында 7-ноябрда жаан жаабайт, 8-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 9-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. 9-ноябрда күндүз жана 10-12-ноябрда жаан-чачын болбой тургандыгы болжолдонду.
Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +6… +8ден +2... 0 градуска чейин муздайт. Күндүз +14…+16 градустан +5… +7 градуска түшөт.
Эске түйүп алыңыз. Суукта иммунитетти бекемдөөчү суусундуктун 8 түрү