Кыргызстандын маморгандары толугу менен электрондук документке өттү

Жапаровдун айтымында, эми чечимдер кыска убакытта кабыл алына баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик органдары толугу менен электрондук документке өткөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн жыйыны биринчи жолу электрондук форматта болду. Ага ылайык, ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Жапаровдун айтымында, эми чечимдер кыска убакытта кабыл алына баштайт.
"Жыйындар мындан ары санарип форматта өтүп турат. Өкмөт мүчөлөрү миңдеген чакырым алыс болсо да ага онлайн катышып, тигил же бул маселе боюнча добуш бере алат", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, электрондук документке өтүү маселеси көптөн бери козголуп келет. Министрлер кабинетинин төрагасы апрель айында кеңсе кагаздарын кыскартып, электрондук документке өтүүнү тапшырган.
Радио
Аманатов: санарип документтерге укуктук макам берилет