Трамп АКШнын Байденге дагы эки жыл чыдаарынан күмөн санады

Дональд Трапм Вашингтон дүйнөлүк аренада кадыр-баркын жоготту деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп демократ-президент Жо Байдендин администрациясынын иши жакшы эмес экенин кыйытып, өлкө анын бийлигине дагы эки жыл чыдаарынан күмөн санады. Бул тууралуу ал саналуу күндөрдөн кийин Конгресстеги шайлоого катыша турган партиялаштарын колдоо үчүн Пенсильвания штатында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Өз сөзүндө ал Вашингтон дүйнөлүк аренада кадыр-баркын жоготконун белгилеп, АКШ эч убакта азыркыдай начар абалда болбогонун билдирди.
"Биздин өлкө мындай абалда болуп көргөн эмес. Бизди эч жерде сыйлабай калышты... Бири-бирибизди жакшы көрүп, убакытты көңүлдүү өткөргөнүбүз сонун, бирок сүйлөшүү үчүн тема ушунчалык жагымсыз. Өлкөнүн абалы тууралуу сүйлөшүп жатканда кеп кыла турган жакшы көрүнүш жок", — деди АКШнын мурдагы президенти.
Сөзүнүн соңунда Трамп өз өлкөсүн урап калуудан коргоону жана америкалык кыялдарды сактап калууну каалаган мекендештерин 8-ноябрда Республикачылар партиясына добуш берүүгө чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинага жардамы өзүндөгү аскердик чоң көйгөйдү ачыктады