БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол Абу Дабиде өткөн бокс боюнча мелдеште мексикалык Хильберто Рамирести жеңди.
Бул беттеште Бивол орто оор салмактагылар арасында WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын төртүнчү ирет ийгиликтүү коргосо, Рамирес карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартты.
Таймаш 12 раунд менен өтүп, соңунда калыстар Биволдун пайдасына чечим чыгарышты. Май айында анын учурдун мыкты мушкери атыккан Сауль Канело Альварести жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган.
Ушул жылдын жай мезгилинде мушкер Ысык-Көлдө дээрлик бир ай машыккан. Дүйнөлүк бокс жылдызы Бивол Токмок шаарында төрөлүп-өскөн. 15 жашында ата-энеси менен чогуу Россияга көчүп кетишкен.