Пентагон өзүнүн армиясынын "кубаттуулугу" тууралуу Кытайга кыйытты

АКШнын коргоо министринин орун басары алардын армиясы күчтүү деген пикирин айтып, Кытайга сөз ыргыткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Американын армиясы дүйнөдөгү согушка даяр армия экенинен эч ким күмөн санабашы керек. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин орун басары Колин Калдын айтканын РИА Новости жазды.
"Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө согушка маш, жөндөмдүү экенинен эч ким күмөн санабашы керек", — деген ал.
Каль Кытай да бул айтылгандарга макул деген пикирин кошумчалаган.
"Кытай да мындан күмөн санабайт жана биздин кубаттуулугубуз боюнча кабары бар", — деп белгилеген министрдин орун басары.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинага жардамы өзүндөгү аскердик чоң көйгөйдү ачыктады