Кофени кайсы учурда ичүүгө болбойт? Адистин кеңеши

Бул суусундукту ачкарын ичпеш керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Диетолог Роксана Баккер кофени туура эмес учурда ичүү организмде темир жетишсиздигине алып келерин эскертти. Адистин пикири РИА Новостиге жарыяланды.
Анын айтымында, темир жетишсиз болгондо адам кубарып, алсырап, уйкусу келип, башы айлана берет.
"Кофени тамак менен кошо ичпеш керек. Анткени бул суусундуктун курамында полифенол (хлороген кычкылы) бар. Ал организмге темирди сиңирбей, тоскоол болот. Ошол себептен аталган микроэлементтин баарын жууп кетпеш үчүн кофени тамактангандан 30 мүнөт өткөн соң ичкен туура", — деген Баккер.
Аталган суусундукту ачка да ичпеш керектиги айтылды. Аны тамак жээр алдында да ичкен туура эмес. Бул учурда темир жакшы сиңбей калат.
Өтө ысык чай, кофе ракты пайда кылышы ыктымал. Медиктин эскертүүсү