Кеңседе отуруп иштегендерге дарыгердин кеңеши

Дарыгер белгилүү бир убакта жатып, бир убакта туруу ден соолукту чыңдоодо маанилүү экендигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Күн сайын көнүгүүлөрдү жасап туруу көп кыймылдабай, отуруп иштегендердин ден соолукка тийгизген кесепеттерин азайтат. Бул тууралуу травматолог Алишер Захиров "Газета.Ru" басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, кыймыл-аракети аз жумушта иштеген адамдар көп учурда остеохондроз, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылышат. Алардын нерв системасы дагы жабыркайт. Бул оорулардан оолак болуш үчүн бир-бир жарым саат сайын 5-10 мүнөттөн көнүгүү жасоону адатка айлантып алыш керек.
"Жумуштан соң моюн, бел, кол жана манжаларды иштетип, көнүгүү жасап туруу абзел. Мындай көнүгүүлөр булчуңдарды жыйрылтып, ден соолукка оң гана таасирин тийгизет", — деген Захиров.
Ошондой эле дарыгер уйку тартибин сактап, 7-9 саат уктоо керектигин эскертти. Анын алдында телефон, гаджеттерден алыс болуп, көздү эс алдырыш керек. Белгилүү бир убакта жатып, бир убакта туруу маанилүү экендиги айтылган.
Пайдасынан зыяны көп. Травматолог тез чуркоонун коркунучу тууралуу эскертти