Аймактарда жергиликтүү курултайлар өттү. Сүрөт

I элдик курултай Кыргызстандын борборунда 25-ноябрда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында I элдик курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары Бишкек шаарында 25-ноябрга белгиленген I элдик курултайдын делегаттарын добуш берүү менен шайлашты.
1 / 2

Кыргызстанда бүгүн Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында I элдик курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өттү

2 / 2

Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары Бишкек шаарында 25-ноябрга белгиленген I элдик курултайдын делегаттарын добуш берүү менен шайлашты

Аны менен катар эле Бишкектеги аталган чоң жыйында талкуулоого өлкөнү жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча негизги маселелер да бекитилгени айтылды.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, I элдик курултайдын ишине 1074 делегат катышмакчы.
1 / 3

Аны менен катар эле Бишкектеги аталган чоң жыйында талкуулоого өлкөнү жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча негизги маселелер да бекитилгени айтылды

2 / 3

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, I элдик курултайдын ишине 1074 делегат катышмакчы

3 / 3

Ош шаарындагы Элдик курултай

Алар:
административдик-аймактык бирдиктерден – 1036 делегат;
чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;
диний конфессиялардан – 10 делегат.
Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар шайланат:
452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);
облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 30 (90 делегат).
Дүжүр делегаттар болбойт. I элдик курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди