Майрам күндөрү "Унаа" ишканасы кандай тартипте иштээри айтылды

Эртеңден баштап кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын эки бөлүмү ишемби жана жекшемби күндөрү, тагыраагы, 5-6-ноябрда кадимки тартипте иштейт. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.
5-6-ноябрда саат 8:30дан 17:30га чейин иштей турчу бөлүмдөр:
Военно-Антоновка айылы, "Риом" унаа базарындагы сектор;
Бишкектин Барпы Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан сектор.
Ал эми 7-8-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата, "Унаа" мекемесинин бардык бөлүмдөрү иштебейт.
Эске салсак, алдыдагы төрт күн (5-6-7-8-ноябрда) кыргызстандыктар катары менен эс алышат.
2023-жылдагы майрам жана эс алуу күндөрү