Жергиликтүү бийлик, Матраимов. Атазов менен Жапаровдун кайым айтышуусу. Видео

Буга чейин Бажы кызматынын төрагасы оор геосаясий кырдаалдан улам аталган кызмат быйыл болжол менен 24 миллиард сомго аз акча жыйнай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов быйыл бажыдан төлөмдөр аз чогултулары тууралуу маалымат тараганын айтып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго суроо узатты.
"Бажыдан полковник Райымбек Матраимовду жамандап жатып кетирдиңер эле, ордуна алып келген төртөө тең жыйынтык бербей жатат. Бажы кызматынын төрагасы маалымат жыйынында быйыл планга 20 миллиард сомдой жетпей жатканын айтты. Эмнеге жетпей жатат?" — деди Атазов.
Министрлер кабинетинин төрагасы бул божомол экенин айтып, жыл жыйынтыгында чечимдер кабыл алынарын белгиледи.
"24 миллиард сом жетпей калышы ыктымал деген божомол бар. Анын беш миллиарды Украина менен Россиянын ортосундагы чырга байланыштуу болушу ыктымал. Калгандарынын баары оңдолушу керек. Былтыркыга караганда 26 миллиард сом көп чогулду, бирок божомолго чыкпай жатат. Бул боюнча жыл жыйынтыгында чечимдерди кабыл алабыз", — деген Жапаров.
Атазов, мындан тышкары, Бишкек менен Ош шаарларындагы жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалына көңүл бурган. Ал өкмөт башчыдан калаалардагы түшөйүн деп калган көпүрөлөрдүн оңдолушун талап кылды. Өз кезегинде Жапаров бул жергиликтүү бийликтин иши экенин белгилеген.
Ушу тапта "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүүдө.
Өлкөдө жакында 44 млрд. сомго баалуу кагаздарды чыгарууну көздөп жатышат