РУДН адистери кыргызстандык 120 мугалимдин квалификациясын жогорулатты

Курстар Бишкектеги Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом), Россия элдеринин достугу университети жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда орус тилинде окуткан мектептердин 120 мугалими квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү. Сабактарды Россия элдеринин достугу университетинин (РУДН) адистери беришти.
Курстар 31-октябрда №17 Пушкин атындагы мектеп-гимназиясында башталып, 4-ноябрда аяктады. Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан келген физика, математика, химия, биология жана орус тилинин мугалимдери квалификациясын жогорулатышты.
1 / 2

Курстар 31-октябрда №17 Пушкин атындагы мектеп-гимназиясында башталып, 4-ноябрда аяктады

2 / 2

Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан келген физика, математика, химия, биология жана орус тилинин мугалимдери квалификациясын жогорулатышты

Мындай курстар билим алуу үчүн гана эмес, баарлашуу үчүн да зарыл экенин РУДН университетинин техносфералык коопсуздук кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Виктор Гришин белгиледи.

"Мага бул жерде биология боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү сунушталганда, мен бир мүнөт ойлонгон жокмун. Анткени Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жокмун. Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм жана ырахаттануу менен келем. Бул курстар адамга билим алуу үчүн гана эмес, коммуникацияда маанилүү роль ойнойт. Биз баарлашуу аркылуу гана маалымат алабыз жана бири-бирибизди жакшы түшүнүп, кабылдай алабыз", — деди ал.

Пресс-борбор
Санкт-Петербург бийлиги Бишкектин өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр