Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Лондондун Севастополго кол салууга тиешелүүлүгүн тастыктаган документтерди берди

29-октябрь күнү Киев Севастополдун портундагы Кара деңиз флотунун кемелерине кол салган. РФ Коргоо министрлиги учкучсуз аппараттардын чабуулун даярдоого британиялык адистер катышканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия Улуу Британиянын элчиси менен аскердик атташесине Лондондун Кара деңиз флотунун кемелерине жасалган чабуулга тиешеси бар экенин тастыктаган документтерди берди. Бул тууралуу РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
РФ Коргоо министрлиги 29-октябрь күнү Киев ички жана тышкы рейдде турган Кара деңиз флотунун кемелерине террордук чабуул жасаганын кабарлаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, Севастополго учкучсуз аппараттардын кол салуусун даярдоого британиялык адистер катышкан.
"Британиянын атайын даярдыктагы күчтөрүнүн Севастополдогу флотко каршы аракеттерди даярдоого катышканын тастыктаган документтер элчи менен аскердик атташеге берилди", — деди РФ элчиси Андрей Келин телеканалдын эфиринде.
Дипломат аталган далилдер ачыкка чыгарын кошумчалады.
"Британия — террорчу өлкө". ТИМ алдынан элчини тосуп алган видео