Европа биримдигиндегилер кадыр-баркына доо кетишинен жана экономикалык жоготуулардан улам санааркап туру. Россия менен Түркия бул долбоордон кандай пайда көрүп, Европадагылар эмнеден чочулайт? Ушул туурасында Наталья Дембинская ой учугун чубаган. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
Тараптардын максаты
"Түндүк агымга" кошумча дагы бир газ түтүгүн жана хаб курууну РФ президенти Владимир Путин "Россиялык энергетика аптасы" форумунда сунуштаган. Түркиядан өндүрүмдөр үчүнчү өлкөлөргө, эң оболу Европа мамлекеттерине (эгер каалашса) кетет. Октябрдын аягында Түркиянын энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез өлкө бул багытта ишке киришкенин жар салды.
"Газ чордону болууну дайым көздөп келгенбиз", — деп билдирген ал. Хаб — бул инфраструктуралык объектилер менен байланышкан бөлүштүрүүчү аянтча. Ал жакка газ чогулуп, дал ошол жерден баасы бычылат.
Чанда келчү мүмкүнчүлүк
"Газпромдон" белгилешкендей, бул баарына: Москвага да, Анкарага да, Брюсселге да пайда келтире турган долбоор. Талдоочулар да ушундай ойду айтышат.
"Түркия Россиядан Европа биримдигинин аймагына ташуудан азыркыга караганда алда канча көп пайда табат. Албетте, муну ар бири 55 миллиард куб метрлик кубаттуулуктагы "Түндүк агым" жана "Түндүк агым – 2" долбоорлорунун ордун толугу менен алмаштыра турган долбоор катары кароого болбойт. Анткени "Түркиялык агым" — 31,5, "Көгүлтүр агымдын" кубаттуулугу 16 миллиард кубду түзөт", — деп түшүндүрөт көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов.
Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы директорунун орун басары Алексей Гривачтын айтымында, түркиялыктар ондогон жылдардан бери мындай хаб түзүү аракетинде. Алардын тилеги орундалып калышы ажеп эмес.
"Түркия чоң утушка ээ болот. Европа биримдигине Россиядан гана эмес, Азербайжан, Иран менен Түркмөнстандан газ жеткирүүнү камсыз кылат, — деп кошумчалайт Леонид Хазанов. — Чындыгында, буга чоң инвестицияларды тартуу зарыл. Өкмөт менен жергиликтүү мунай-газ ишканалары кайдандыр аларды табууга тийиш".
"Теги жашырылган" газ
Долбоор ишке ашып калса, Россия сырьенун бир бөлүгүн Европага жеткирет. Терс саясий конъюнктурага карабай европалыктар көгүлтүр отту алат. Себеби соода аянтчасына анын кайдан келгени жазылбайт. Албетте, Европа биримдигинин беделине доо кетиши мүмкүн, бирок кымбат баадагы суюлтулган газды азыраак сатып ала баштайт. ЕБ стратегиялык да жоготууларга кабылат. Анткени Германия Европанын ири газ хабы макамын Түркияга алдырып коюшу ыктымал.
Европа биримдиги аталган долбоордон чочулап, россиялык газды эч ким сатып албастыгын айтышууда. Чехиянын өнөр жай жана соода министри Юзеф Сикела түркиялык Dünya газетасына берген маегинде мунай жана газ импорту, айрыкча Россияга таандык сырьенун Европада талаш-тартыш жаратып жатканын моюнга алды. "Бул газдын кайдан экени түшүнүктүү. Европа аны сатып албайт деп боолголойм", — деп маалымдады ал.
Тандоого дайым шарттар бар
Европа биримдигинин энергетикалык ресурстар менен жабдууга бөгөт коюуга умтулушу жаңы хаб үчүн тобокелдиктердин бири деп эсептелет. "Газпромдун" эсебинде, 1-январдан 15-октябрга чейин Европага газ берүү өткөн жылдын дал ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 41,4 пайызга (63 миллиард куб метр) азайган. Айрым божомолдорго караганда, 2022-жылы аталган корпорация европалык мамлекеттерге экспорттолгон көлөмдүн жарымына жакынын жоготушу мүмкүн.
"Чындап эле көгүлтүр оттун ашыкчалыгы бар. Бул жагдайды Жер ортолук деңиз хабы жөнгө салышы мүмкүн", — дейт экономист жана инвестициялар боюнча жеке консультант Николай Неплюев.
Бирок кеп Европа биримдигинин көз карашында, Россиядан газ импортун чектөө ниетинин канчалык күчтүү экенинде. Европаны бул маселеде АКШ кысымга алууну улантат. Аларга мындай хабдын азыр дегеле зарылдыгы жок. Анткени ушул тапта америкалык суюлтулган газдын 70 пайызы европалык рынокко экспорттолот.
Брюсселдин мындай хабды жактап-жактабай турганы эми энергетикалык ресурстар менен жабдуунун туруктуулугу жана начарлап бараткан экономикалык абалга жараша болот. Быйыл кышта каатчылыктын күч алышы күтүлбөйт, европалык газ сактоочу жайлардын дээрлик баары толтурулду. Бирок Эл аралык энергетикалык агенттиктин башчысы Фатих Бироль келерки жылы кырдаал алда канча кыйын болорун болжойт.
Европа декабрдан тарта түтүктөгү россиялык газдан ажырап калышы ыктымал. Баа чеги коюлса Москва сырьену сатуудан баш тартпайт. Эл аралык энергетикалык агенттиктин эсебинде февралда газ сактоочу жайлар дээрлик бошоп, суюлтулган газ азыркыдай импорттолгон күндө да 20 пайызга жетпеген көлөм калат.