Мектеп ашпозчуларын окуткан борбор ачылып, аны Россия тарап каржылады

Борборду Россия каржылап, долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору ишке кирди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
1 / 3

Борбор калаада Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору ишке кирди

2 / 3

Аталган борборду ачууну Россия каржылап, долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашкан

3 / 3

Элчиликтен борбордун билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатып жана туруктуу окутуу менен мектептерде тамактандырууну жакшыртууга, ишти алдыңкы ыкмада жүргүзүүгө жол ачарын белгилеген.

Аталган борборду ачууну Россия каржылап, долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашкан.
Элчиликтен борбордун билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатып жана туруктуу окутуу менен мектептерде тамактандырууну жакшыртууга, ишти алдыңкы ыкмада жүргүзүүгө жол ачарын белгилеген.
Билим берүү жана илим министрлигинен борбордун лекциялык аудиториясы жана өндүрүштүк жайлары жабдылганын, ал жерде окугандар алган билимдерин бекемдей алышарын билдирди.
"Республикалык компетенция борбору бизге бүткүл өлкө боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга, жаңы методдорду иштеп чыгууга жана Улуттук мектеп тамагын оптималдаштыруу программасынын ишке ашырылышына жана сапатына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул борбор башка жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп тамагын оптималдаштыруу программасын кеңейтүү үчүн кызмат кылат деп үмүттөнөбүз", — деген БУУнун аталган программасынын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай.
Радио
Назарова: Россия өлкө мектептеринин ысык тамак программасына жардам берүүдө