Пресс-борбор

Транспорт департаменти Бишкекте маршруткалардын азайган себебин түшүндүрдү

Эл өкүлү Марлен Маматалиев жол кирени жогорулаткандан көрө эл аралык банктар берип жаткан грант, насыяларга электробус, газ менен жүргөн автобустарды алууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 2014-2015-жылдары Бишкектин тургундарын 5 000ге жакын маршрутка тейлеп келсе, күйүүчү майдын кымбаттаганынан улам алардын саны азыр 1 600гө кыскарды. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу тегерек стол учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, "Бишкектеги транспорт көйгөйү — ким күнөөлүү, маселе кантип чечилет?" деп аталган иш-чара Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өттү.
"Акыркы мезгилде шаарда коомдук транспорттун тариф маселесине көп көңүл бурулбай калган. Ошол себептен коомдук транспорт жаатында тейлөө начарлап, сапаттуу автоунаалар азайып кеткен. Анын үстүнө күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөндүктөн эл ташыган кичи автобустардын саны кескин кыскарды. Ушул себептен улам да жол кирени жогорулатууну сунуштап жатканбыз. Бирок ал документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюла элек. Кокус жол кире жогорулай турган болсо, маршруткалар көбөйүп, шарты бар, сапаттуулары линияга чыгат эле", — деди Сагынбек уулу.
Ал арада депутат Марлен Маматалиев жол кирени жогорулаткандан көрө эл аралык банктар берип жаткан грант, насыяларга күйүүчү майга көз каранды болбогон электробус, газ менен жүргөн автобустарды алууну сунуштады.
Пресс-борбор
Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады