Кыргызстандыктар евразиялык интеграцияга кандай мамиле кылат? Эксперттин пикири

Эксперт Галина Осадчая изилдөөнүн жыйынтыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Иликтөөлөргө таянсак, Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндөгү интеграцияны элдин 60тан 75 пайызга чейинки бөлүгү колдойт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын алдындагы "ЕАЭБдин калыптанышындагы социалдык-саясий көйгөйлөр" деп аталган илимий кеңештин төрайымы Галина Осадчая билдирген.
Ал Sputnik аянтында өткөн "Дүйнөлүк тартиптин калыптануу шартында ЕАЭБге интеграция болуу" деп аталган видео көпүрөгө катышты.
"Биздин изилдөөлөргө өлкөлөрдүн өзгөчөлүгүн эске салып карай келгенде интеграциялык процессти элдин 65тен 75 пайызга чейинки бөлүгү колдоорун көрсөттү. Респонденттерге евразиялык биригүүнү колдоору тууралуу суроо узатканбыз. Кыргызстан менен Армения ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөттү", — деген ал.
Мишустин: ЕАЭБ санкциялар шартында да туруктуулукту камсыздай алат