Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Кара алтынга бир баа коюлган соң сатуучулар товарды андан кымбат сата алышпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Мындай чечим көмүрдүн баасын ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Көмүрдүн баасына көзөмөл 90 күн жүргүзүлүп, эң жогорку баасы коюлат. Көмүр саткандар коюлган баадан кымбат сата алышпайт.
Бишкекте көмүрдүн баасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Даректер