"Демир банк" "Азаттыктын" эсебинин жабылышы боюнча түшүндүрмө берди

Мындан бир нече күн мурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" сайтын эки айга токтотуу чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Демир банк" "Азаттык медианын" ("Азаттык/Эркин Европа") эсебин камакка алгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген жалган материалдарга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" сайтын эки айга токтотуу чечимин кабыл алган.
"Демир банк" "Азаттыктын" эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтардын баары таптакыр негизсиз деген билдирүү тараткан.
"Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык токтотулган. Бул боюнча расмий жоопту банк жазуу түрүндөгү кайрылуунун негизинде "Азаттыкка" билдирди. ТИК/ККЛК мыйзамынын талаптарын аткаруу Кыргызстандын бардык банктары үчүн милдеттүү жана жогоруда аталган мыйзамдын 32-беренесине ылайык, банктар банктык операцияларды токтото туруу үчүн жоопкерчилик тартпайт", — деп айтышкан алар.
"Азаттыктын" имаратынын алдында митинг болду. Алар эмне талап кылышты