Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыштын Украинадагы биологиялык ишмердүүлүгү. БУУ РФ резолюциясын кабыл алган жок

Эгер резолюция кабыл алынып калса курамына Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү кирген комиссия түзүлүп, Украина аймагындагы биологиялык лабораториялардын ишмердүүлүгү иликтенмек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украинадагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүктү иликтөө үчүн комиссия түзүү тууралуу резолюциясын кабыл алган жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин кабарчылары жеринен билдирди.
Документтин кабыл алынышы үчүн 15 мамлекеттин тогузу макул болушу керек эле. Россия менен Кытай демилгени колдосо, АКШ, Улуу Британия жана Франция каршы пикирин билдиришти. Калган мамлекеттер калыс болушту.
Эгер резолюция кабыл алынып калса курамына Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү кирген комиссия түзүлүп, Россия койгон дооматтын негизинде Украина аймагындагы биологиялык лабораториялардын ишмердүүлүгү иликтенмек.
Жыйынга катышкан Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский батыштагылар резолюциянын долбоору боюнча макулдашуу процессине катышпай койгонун белгиледи. Дипломаттын айтымында, Батыш комиссиянын курамына Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү кирет деген шарттан кооптонуп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык химиялык жана биологиялык коргоо аскер күчтөрүнүн башчысы Игорь Кириллов Украина аймагында Пентагондун кызыкчылыгына иштеген 30дан ашуун биологиялык лабораториянын түйүнү түзүлгөнүн билдирген. Россиялык атайын операция башталган соң өлкөдөн АКШнын аскердик-биологиялык программасын улантуу үчүн бардык жабдуу чыгарылып кеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады