Улгайгандар арасында жакырлык өсүүдө. Статистика

Жакыр турган пенсионерлердин көбү Баткен жана Жалал-Абад облустарында жашары аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылга карата улуу курактагы, бирок эмгекке жарамдуу калктын арасында кедейликтин деңгээли 24,1 пайызды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Жалпы тенденция боюнча эмгекке жарамдуу улуу курактагы катмардын жакырлыгы шаар жерлеринде 18,5 пайызды түзсө, айыл жеринде 27,5 пайыздын деңгээлинде экени анык болгон.
Ал эми кедейликтин эң жогорку чеги Баткен облусуна туура келген. Өткөн жылга карата улуу муундагы ишке жарамдуу калктын арасында жакырчылыктын эң жогорку деңгээли Баткен (37 пайыз) жана Жалал-Абад (35,6 пайыз) дубандарында аныкталган.
Ал эми калган аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Ысык-Көл облусу — 23,7 пайыз;
Нарын облусу — 23,6 пайыз;
Ош облусу — 23 пайыз;
Ош шаары — 19,9 пайыз;
Чүй облусу — 18,9 пайыз;
Бишкек шаары — 16,5 пайыз;
Талас облусу — 13,3 пайыз;
Ошондой эле пенсия курагындагылардын жакырчылык деңгээли 24,1 пайызды түзгөн. Мында аялдар арасындагы көрсөткүч эркектерге караганда төмөн болгон.
Былтыр Кыргызстандан биротоло чыгып кеткендердин саны өстү, көбү аялдар