БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга жугуштуу ооруларды аныктай турган мобилдик жабдууларды берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Жардам Роспотребнадзор тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо кызматтарын колдоонун алкагында көрсөтүлдү.
Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Россия тарапка натыйжалуу эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун түзүп, Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тапшырылган КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын негизинде көчмө дарылоо-профилактикалык комплекс Нарын облусундагы СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборуна, ал эми ГАЗОН унаасынын негизиндеги көчмө эмдөө комплекси Республикалык иммунопрофилактика борборуна өткөрүлүп берилди. Ошондой эле эмдөө программасына ылайык, быйыл гепатиттин В түрүнө каршы 450 миң доза вакцинанын алып келиниши күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын Роспотребнадзор кызматы Кыргызстанга КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын негизиндеги беш мобилдүү клиниканы (Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында) өткөрүп берген. Алар учурда жашоочулар арасында акысыз профилактикалык кароолорду, анын ичинде ВИЧ/ СПИД, вирустук гепатит жана сифилиске экспресс-тестирлөө жүргүзүүдө.