БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Ош калаасында 5-9-ноябрда "Кыргызстандагы Петербург кечеси" деген аталыштагы маданий иш-чара болот. Бул туурасында аталган мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Муниципалитет Ош менен Санкт-Петербург бир тууган шаар экенин билдирди.
6-ноябрда петербургдук жазуучулар Оштун чыгармачыл интеллигенциясы менен жолугат. СССРдин 100 жылдыгына арналган "Наш адрес — Советский Союз" деп аталган жыйнактын бет ачары болот. Ага кыргызстандык автор Бахтияр Койчуевдин "Гроза" чыгармасы кирген.
8-9-ноябрда адабият мугалимдери үчүн азыркы орус адабиятындагы негизги тенденциялар боюнча курстар менен мастер-класстар болот. Жыйынтыгында угуучуларга сертификат тапшырылат.
Мындан сырткары, бир тууган шаарлардын алкагында кызматташууну караган иш-чара өтөт. Тараптар мындан аркы алаканы өнүктүрүү жана кеңейтүү жолдорун талкуулайт.
Иш-чараны Россия ТИМинин колдоосунда Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитети менен менен Ош мэриясы уюштурууда.