БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош шаарында учурда көмүр сатуу боюнча 15 жай ачылып иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Калаанын күз-кыш мезгилине даярдыгы туурасында өткөн жыйында маалымат берген Оштун вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын баары жылытуу мезгилине толук даяр экенин билдирген.
"Муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаардын аймагында 15 жерде көмүр сатуу пунктулары уюштурулууда. Калк тарабынан 22 600 тонна көмүр даярдалыш керек болсо, бүгүнкү күндө 18 750 тоннасы бар. Учурда көмүрдүн тоннасы сапатына жараша 6000-7500 сом болууда. Ар бир МАБда экиден, ал эми Жапалак айыл аймагында көмүр сатуучу үч пункт ачылды", — деген вице-мэр.
Муниципалдык "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасынын 88 отканасы бар, алардын 19у электр энергиясы, 69у көмүр менен жылытылат.
Шаар мэри Алмаз Мамбетовдун Монополияга каршы кызматка көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырганы айтылды.