Кыргызстандын желегине боёлгон Бурж-Халифа. Видео

Имарат 828 метр келип, дүйнөдөгү эң бийик курулуш болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 1-ноябрь күнү кечинде Бурж-Халифа Кыргызстандын желегине боёлгонун КР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, бул БАЭге иш сапар менен барган Садыр Жапаровдун урматына жасалган.
Эскерте кетсек, 163 кабаттуу 828 метрлик Бурж-Халифа Араб эмирлигиндеги эле эмес дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп саналат.
Президенттин БАЭге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди