БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Оор геосаясий кырдаалдан улам бажы кызматы ушул жылдын төлөмдөрү болжол менен 24 миллиард сомго аз жыйналат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, 1-ноябрда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда кийинки жылдын бюджетинин долбоору каралган.
Отурумда башка да маселелер козголгон. Депутат Алишер Козуев республиканын тышкы карызын өз убагында тейлөө жана 2022-жылга карата бажы төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу зарылдыгын белгилеген. Өз кезегинде Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков оор геосаясий кырдаалдан улам бажы төлөмдөрүн чогултуу планы болжол менен толук аткарылбай турганын, 24 миллиард сом жетпей каларын айткан.
"Бүгүнкү күндө 57 миллиард сом чогулду. Негизи 2022-жылы план боюнча 98 миллиард 500 миллион сом жыйналышы керек эле", — деген Исабеков.
Жыйында эл өкүлү Исхак Масалиев кыргыз-кытай чек арасындагы үзгүлтүксүз соода жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында Кытайда Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштаган.