"Кыргызфильмдин" эки тасмасы Түркиядагы эл аралык сынакка катышат

"Курманжан датка" тасмасы кинофестивалдын ачылышында көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынан эки тасма Түркиядагы Kurmaca Film Festival сынагына тандалып алынды. Бул тууралуу киностудиянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эл аралык сынакта ат салышчу эки фильмдин бири — Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" кинокартинасы. Ал эми экинчиси — "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмасын Асел Жураева тарткан.
Мындан тышкары, режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Түркияда өтчү II эл аралык Korkut Ata Turkish World Film кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлөт. Иш-чара 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Эрсойдун колдоосу менен Бурса шаарында өтөрү айтылды.
"Акыркы көч" эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды