Төө-Ашуу оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн жабылды

Чектөө аба ырайынын бузулушуна байланыштуу киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн саат 17:40тан тарта Төө-Ашуу ашуусу аркылуу чоң жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Чектөө аба ырайынын бузулушуна байланыштуу киргизилген. Аба ырайы турукташкандан кийин кайрадан жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилмекчи.
Ноябрь айындагы аба ырайы. Кыргызгидрометтин божомолу