Пайдасынан зыяны көп. Травматолог тез чуркоонун коркунучу тууралуу эскертти

Дарыгер ден соолукка кам көрүүдө жөн гана басууну тандоо оң болорун эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Сеченов атындагы университеттин реабилитациялык борборунун директору, ортопед-травматолог, медицина илимдеринин кандидаты Константин Терновой РИА Новостиге берген маегинде тез чуркоонун пайда-зыяны тууралуу айтып берди.
Дарыгердин айтымында, тез чуркоо жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизип, кээде өлүмгө алып келет. Шаар чөйрөсүндө бул жагдайды булганган аба да курчутуп жиберет.
"Тез чуркоо таман жана тизе муундарынын бузулушуна алып келет. Артыңан бирөө кууганда эле интенсивдүү чуркоонун пайдасы тийбесе, башка учурда зыяны көп", — деп билдирген травматолог.
Терновой күнүмдүк көнүгүү катары басууну тандоо оң экендигин айткан. Анын айтымында, ар кандай жаракат алуудан оолак болуш үчүн дайыма көнүгүү жасап туруу керек.
30 жаштан өткөн соң айрым бут кийимден баш тартуу керек. Адистин кеңеши