Адвокат: Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштин баары токтотулду

Башкы прокуратура Бейшеналиев боюнча жети иш козголгонун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Мурунку саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн козголгон бардык иштер токтотулду. Бул тууралуу экс-министрдин адвокаты Кайсын Абакиров кабарлады.
Маалыматты тастыктоо өтүнүчүнө Башкы прокуратура бул иш менен Ички иштер министрлиги алектенгенин айтып жооп берди. ИИМ азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Чоо-жайы

Июнь айында башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Бирөө коррупция фактысы боюнча, эки иш пара талап кылуу, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен козголгон болчу. Мындан улам президент Бейшеналиевдин кармалышы боюнча жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Алымкадыр Бейшеналиевди ортосундагы пикир келишпестиктен улам кызматтан четтеткен. Бир аз убакыттан соң Зулушев ишине кайткан болчу.
Андан соң экс-министрдин адвокаты Кайсын Абакиров коррупция боюнча иш кыскарганына байланыштуу Бейшеналиев кызматына кайтууга толук укугу бар экенин билдирген.
19-август күнү президент Бейшеналиевди кызматтан алып, ошол эле күнү анын "Алтын балалык" реабилитациялык комплекске жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болгон.
Канат Исаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Сот кайсы иш боюнча экенин айтты