Таамай сокку. Гүлжигит Алыкуловдун 25 метрден гол киргизген видеосу

Анда Алыкулов Казакстан чемпионатында ойноп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жана Казакстандын "Кайрат" клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкуловдун алыстан туруп гол киргизген видеосу тарады.
Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, Алыкулов кезектеги бул тобу менен өзү ойногон алматылык "Кайрат" клубунун Казакстан чемпиондугунун 25-турунда жеңишке жетүүсүнө өбөлгө түздү.
"Кайрат" клубу менен Павлодардын "Аксуу" клубунун беттеши Алматы шаарында өткөн. Эсеп "Кайраттын" пайдасына 2:0 менен жыйынтыкталды.
Беттештин жүрүшүндө Жоао Пауло жана Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөтүштү. Алыкуловдун 25 метр алыстыктан тепкен тобу түз эле дарбазага кирди. Ал Казакстандын "Кайрат" клубунда 2020-жылдан бери ойнойт.
КТРК футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз алып көрсөтөт