Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Россияны эгин келишимине катышуусун жандантууга чакырды

Сентябрдын башында РФ президенти Владимир Путин Батыш Украинадан эгинди Африканын муктаж мамлекеттерине эмес, өз аймагына ташып чыгып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. БУУ Россияны эгин келишимине катышуусун токтотуу боюнча кабыл алган чечимин өзгөртүүгө чакырат. Мындай билдирүүнү аскердик блоктун расмий өкүлү Оана Лунгеску жасаганын Reuters агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Биз азык-түлүк муктаж тараптарга жетиши үчүн Россияны келишимди жандантууга чакырабыз", — деди Лунгеску.
Ал өз сөзүндө азык-түлүктү "куралга" айландырбоону айтып, келишим дүйнөлүк баанын төмөндөөсүнө таасир тийгизгенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Россия ишемби күнү Севастополдун акваториясындагы терактыдан улам БУУнун Украинанын портторунан азык-түлүк чыгарууну камсыздаган эгин келишимин токтото турганын расмий билдирген.
29-октябрда эртең менен Киев Кара деңиз флотунун кемелерине террордук чабуул жасаган. РФ Коргоо министрлигинин маалыматында теракт британиялык адистердин жетеги менен ишке ашкан. Ушул эле адистер украиналык аскер кызматкерлерин окутуп келген.
Сентябрдын башында РФ президенти Владимир Путин Батыш Украинадан эгинди Африканын муктаж мамлекеттерине эмес, өз аймагына ташып жатканын билдирген. Анын айтымында, аталган каттам боюнча жүрүүгө чектөө киргизүү Түркия президенти менен сүйлөшүүнүн өзөгүн түзмөк.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Севастополго кол салуусу. Бардык учкучсуз аппараттар жок кылынды