1-ноябрда Бишкектин кайсы райондору жарыксыз калат? График

Бул күнү энергетиктер көмөк чордондордо техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. 1-ноябрда Бишкекте 24 көчөдө электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу "Чүй электр түйүндөрү" ишканасы кабарлады.
Бул күнү энергетиктер бак-даракты бутоо, оңдоо жана көмөк чордондордо техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт.
Жарык убактылуу өчүрүлө турган көчөлөр:
саат 09:00дөн 14:00гө чейин — Бакаев, Алтымышев көчөлөрү, Январский, Тажик кууш жолдору;
саат 09:00дөн 15:00гө чейин — Дачная көчөсү;
саат 09:00дөн 17:00гө чейин — Целинная, Юдахин, Сухомлинов көчөлөрү, Түштүк-2 кичи району (№2,3 үйлөр);
саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Строительная, Чапаев жана Ремесленная көчөлөрү;
саат 09:00дөн 19:00гө чейин — Көлмө жаңы конушу (Достук, Жаштык, Жаңылык, Кулиев, Максат, Махатма Ганди, Мидин, Мыскал, Мурас, Үмүт көчөлөрү);
саат 09:30дан 18:00гө чейин — Көлбаев көчөсү ( №9, 11, 13, 15 үйлөр), Ибраев көчөсү ( №43-57 үй), Ысык-Көл көчөсү жана Алтын-Ордо, Көк-Жар (Ой-Терскен, Коңорчок) жаңы конуштары.
"Бишкек жарык" ишканасы 140 млн. сомдук зыян келтиргени аныкталды