БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +11...+16, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарында +8...+13 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.