БИШКЕК, 30-окт.— Sputnik. Түштүк Кореянын Сеул шаарында Хеллоуин майрамын белгилеп жатып 150дөн ашык адам тебелендиде калып көз жумганын Yonhap агенттиги жазды.
Окуя кечээ, 29-октябрда, болгон. Анда Хеллоуин майрамына карата жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, аянтка да 100 миңдей киши чогулган. Алдын ала маалымат боюнча, K-pop жылдызы сахнага чыкканда аянттагы эл ызы-чуу болуп, бири-бирин тебелеп баштаган.
"Соңку кабарларга таянсак, 150дөн ашык адам каза болуп, 82 киши жабыркаган. Мындан тышкары, дайынсыз жоголгондор да бар", — деп жазылат маалыматта.
Yonhap агенттиги билдиргендей, көз жумгандардын көбү жаштар. Алардын арасында Россия, Кытай, Иран, Өзбекстандын жарандары бар.
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги мекендештерге кайрылып, жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат болсо +82 10-6891-2707 (WhatsApp) телефонуна чалып же жазууну өтүндү. Элчилик мекендештерди эл көп чогулган жерге барбай кое турууга чакырды.