Россия муктаж болгон мамлекеттерди буудай менен камсыз кылууга даяр

Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Россия Севастополь акваториясындагы терактыдан кийин эгин келишимине катышуусун токтото турганын маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт.— Sputnik. Буудай экспорттоо менен алектенген Россиянын компаниялары чагымчылык жана санкциялык тоскоолдуктарга карабай муктаж болгон мамлекеттерге дан жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын эгин экспорттоочулар союзунун башкармалыгынын төрагасы Эдуард Зернин билдирген.
"Биз дан келишимин токтотуунун натыйжасында россиялык эгинди экспорттоочуларга кандай жоопкерчилик жүктөлөрүн түшүнөбүз. Өзүбүздүн гуманитардык миссияны аткарып, санкцияларга карабай муктаж болгон мамлекеттерди буудай менен камсыз кылууга даярбыз", — деген ал.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Россия Севастополь акваториясындагы терактыдан кийин эгин келишимине катышуусун токтото турганын маалымдаган. 29-октябрь күнү Киев режими британиялык адистердин кийлигишүүсү менен "эгин коридорунун" коопсуздугун камсыздаган Кара деңиз флотунун кемелерине каршы теракт жасаган.
Өз кезегинде Россиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев РФ жакынкы төрт айда жакыр мамлекеттерге акысыз 500 миң тонна буудай жеткире турганын айткан. Ошондой эле толугу менен украин эгинин алмаштырып, кызыкдар өлкөлөрдү жеткиликтүү баада буудай менен камсыз кыларын кошумчалаган.

Эгин келишими

Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Стамбулда дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана үрөн жеткирүүдөгү көйгөйдү чечүү үчүн бири-бири менен байланышкан эки документке кол коюлган. Экөө бир пакет болуп саналат. Биринчиси — меморандум, ага ылайык, БУУ россиялык айыл чарба продукциясын жана үрөндү дүйнөлүк рынокко экспорттоого салынган чектөөлөрдү алууга милдеттендирген. Экинчиси Киев көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын чыгаруу алгоритмин аныктайт. Бирок Москванын билдиргени боюнча, россиялык экспорт жаатында аталган келишим иштеген жок. Эгин макулдашуусунун мөөнөтү 19-ноябрда соңуна чыкмак.
БУУ буга чейин эгин келишиминин мөөнөтүн узартууга ишеним артып келген. Уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында, Антониу Гутерриш командасы менен аталган демилге боюнча иштеп жатат. Гутерриш келишимди узартуу тууралуу Россия президенти Владимир Путин менен сентябрь айында сүйлөшкөн.
Кийинчерээк россиялык президент эгер эгинди жакыр өлкөлөргө жеткирүү үчүн түзүлгөн гуманитардык коридорлор терактылар үчүн колдонула турган болсо, эгин келишими үзгүлтүккө учурай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Севастополго кол салуусу. Бардык учкучсуз аппараттар жок кылынды