МАГАТЭ: АКШ өзөктүк технологияда лидерлик позициясын жоготту

Гросси аталган багытта Россия менен Кытайды озуп чыкканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Вашингтон коммерциялык өзөктүк технология жаатында лидерлик позициядан тайды. Мындай пикирин МАГАТЭ башчысы Рафаэль Гросси айтканын РИА Новости жазды.
Уюм жетекчисинин айтымында, акыркы 20 жыл аралыгында АКШда коммерциялык өзөктүк технологияга 3 пайыз гана гигаватт кошулган.
"Бул Америка үчүн баш оору болуп саналат. Ал дайыма лидер болуп келген, эми бул позициясын жоготту", — деди Гросси.
Ал Россия өзөктүк технологиялардын негизги жеткирүүчүсү экенин айтып, бул багытта Кытай да активдүү экенин белгилеген. Аларга бул жагынан эл аралык рынокто ийкемдүү болууга мүмкүндүк берген каржылоо модели жардам берет деп кошумчалады Гросси.
"Бирок энергетика министри АКШ лидерлик позицияны кайтарууну каалайт деп айтканын уктум", — деди ал.
Гроссинин билдирүүсүнө караганда, Вашингтон өзөктүк энергетиканы колдоо үчүн "кызыктуу" чечимдерди кабыл алууда.
Өнөкөтпү? АКШ гиперүндүү ракеталар жаатында Россия менен Кытайдан артта калды