Алдыдагы аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот?

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
30-31-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
1-2-ноябрь жаан-чачынсыз болот.
3-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
4-ноябрда дыйканчылык аймактарда жаан жаабай турганы божомолдонууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу