БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
30-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
31-октябрда тоолуу райондорго кар түшкөнү менен дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
1-2-ноябрда күн ачык болуп, бейшемби, жума күндөрү айрым жерлерде жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.