Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Япония Кыргызстанга 1 млн. доллар грант бермей болду

Бул акча кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепети менен күрөшүүгө жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул акча кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепети менен күрөшүүгө жумшалат.
Мындай жардам БУУнун Азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча агенттигинин колдоосу менен ишке ашып жатканы кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 311 кишиге 200 миң сомдон берилди