Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операциядагы жоготууларды дайыма ойлойм. Путиндин билдирүүсү

Президент ошол эле учурда атайын операцияда жоготуулардан тышкары "чоң олжолор" бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин РФтин Украинадагы атайын операциясындагы жоготуулар тууралуу дайыма ойлой турганын билдирди.
Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX отурумунун пленардык сессиясында сүйлөдү.
"Албетте, бизде чыгымдар бар. Баарынан мурда бул атайын аскердик операцияны өткөрүүгө байланыштуу жоготууларга тиешелүү. Мен бул тууралуу дайыма ойлойм", — деди Путин.
Ошол эле учурда ал атайын операцияда жоготуулардан тышкары "чоң олжолор" бар экенин белгиледи.
"Болуп жаткан нерселер акыр-аягы Россиянын келечегине пайда алып келери шексиз", — деди Путин.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу