Уйкуну кандырып, таза абага чыккыла! Тумоолоп калбаш үчүн билип алчу эрежелер

Медиктер бала ооруп калса мектеп, бала бакчага жибербей жакшылап дарылоону сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Республикалык штаб сасык тумоо жана COVID-19 сыяктуу респиратордук инфекцияларды алдын алууда менен бир нече кеңеш берди.
Эске алчу эрежелер:
бет кап тагынып жана адамдар менен жакын болбой аралыкты сактаңыз;
чыйрыгып же үшүп калбаганга аракет кылыңыз;
эгер өзүңүздү начар сезип эт ысыса, дароо обочолонуп, жакшылап эс алыңыз;
колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, ным чүпүрөк менен чаңдарды тазалап турган оң;
организмди кыйнабай убагында эс алып, уйкуну кандыра уктоо керек. Таза абага көп чыгып, жакшы тамактаныш керек;
дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу шарт;
эгер балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, аны мектеп, бала бакчага жибербей жакшылап дарылаган оң. Дарыгерден телефон аркылуу деле кеп-кеңеш алып, ар кандай дары-дармекти бере бербей туура дарылаңыз;
сасык тумоо жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп коюңуз.
Штаб вируска каршы вакцинаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан алса болорун белгиледи.
Шалаакылыктан ооруйт. Адис суук жаңы түшкөндө тумоонун күчөгөн себебин айтты