Мишустин: санкцияларга карабастан КМШ ичиндеги өз ара алака улана берет

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктарга, санкцияларга карабай КМШга мүчө-өлкөлөрдүн арасында өз ара алака өнүгүп, ал эми Россия шериктештиктеги мамлекеттер үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда.
Бул туурасында РФтин премьер-министри Михаил Мишустин КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатканда айтты.
"Шериктештиктин ичинде өз ара кызматташуу өнүгүп жатат. Россия ишенимдүү өнөктөш жана союздаш боюнча кала берет. Биз жакын коңшулардын кызыкчылыгын урматтоо менен мамиле кылып, көңүл коюп карайбыз", — деген дүйнөдөгү азыркы абал туурасында кеп козгогон Мишустин.
Эске салсак, учурда Казакстандын борбору Астана шаарында КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышууда.
Мишустин: ЕАЭБ санкциялар шартында да туруктуулукту камсыздай алат