БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Үйдөгү түрдүү калпыс кырсыктардан өлкөдө жылына 14 жашка чейинки 400дөй бала каза болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Билдирмеге ылайык, республика боюнча 20 миңдей бала ууланып, жыгылып жана башка түрдүү кырсыктарга кабылат.
"Анын ичинен 100 бөбөк алган жаракаттарынан улам майып болуп калат", — деп айтылат маалыматта.
Борбордон балдар көбүнчө төмөнкүдөй кокустуктарга туш болорун айтышты:
күйүп калуу — отко, ысык буюмга, мешке, ысык тамакка, кайнак сууга, бууга, ысык майга, үтүккө, электр жабдыктарына;
ток тартуу. Көбүнчө ток өткөргүч зымдар ачылып калганда катталат;
айнектин сыныгына, бычак, кайчы жана башка миздүү, учтуу нерселерге дене-башын кестирип алышат;
дем алуу органдарына майда нерселерди салып жиберген кокустуктар катталат. Мындай абалда алып келинген балдардын 70 пайызында дарбыздын уругун, жер жаңгакты, жер-жемиштердин майда бөлүгү дем алуу органдарына такалып калат. 30 пайызында бөбөктөр топчу, шуру, оюнчуктардын майда деталдарын, калемсаптын капкагын, тыйындарды жутуп алышат;
уулануу. Буга көбүнчө наристелердин дары, уксус эссенциясын, жууп тазалоочу каражаттарды жутуп алганы себеп болот;
жыгылуу. Колу менен таяп көп жыгылышат, коляскадан, терезеден, дарактан ж.б.;
балдар тээп ойногон нерселерден — велосипед, самокат, скейт жана башкалардан жыгылган учурлар да көп катталат;
курт-кумурска, жылан чагып, жаныбарлар тиштеп жаракат алып келишет.
"Урматтуу ата-энелер. Кылдат болуңуздар. Балдарды кароосуз калтырбагыла. Бөбөккө жашоодогу кооптуу нерселер жөнүндө түшүндүрүү туура. Баланын саламаттыгына коркунуч алып келе турган буюмдарды, суюктуктарды алар жетпей турган жерлерге койгонго көнгүлө", — деп айтылат Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун кайрылуусунда.